2026-жылдын 11-май күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын окутуучусу Маматова Ж.Т. тарабынан филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 2-курс студенттеринин катышуусунда Ош шаарындагы К.Ташбаев атындагы борбордук китепканада «Улуу Жеңишке — 81 жыл» аттуу тарбиялык-маданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы элдин эрдигин эскерүү жана тарыхый эс тутумду сактоо болду.
Тарбиялык иш-чаранын жүрүшүндө 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан аттанган эр жүрөк жоокерлердин каармандыгы, алардын Мекен үчүн көрсөткөн эрдиктери тууралуу кеңири баяндамалар жасалды. Ошондой эле согуш мезгилинде тылда эмгектенип, жеңишке зор салым кошкон энелердин жана эмгекчил адамдардын күжүрмөн эмгеги тууралуу таасирдүү маалыматтар айтылды.
Мындан сырткары, студенттер тарабынан согуш темасына арналган чыгармалар көркөм окулуп, сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ата Мекенди даңазалаган патриоттук ырлар аткарылып, иш-чаранын маанайын өзгөчө көтөрдү.
Бул тарбиялык жолугушуу студенттерге терең таасир калтырып, алардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу менен мекенчилдик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Иш-чара соңунда К.Ташбаев атындагы борбордук китепкананын кызматкерлери студенттерге жана жетекчиси Ж. Маматовага ыраазычылык билдирип, мындай тарбиялык иш-чаралардын мааниси чоң экенин белгилешти.