2026-жылдын 13-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу М. Мамаджановдун жетекчилиги астында ФжМАК институтунун 3-курс студенттери тарабынан Ош шаарындагы И.В. Панфилов атындагы мектепте 12-апрель — Космонавттар күнүнө арналган “Космос — чексиз мейкиндик” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.
Тарбиялык сааттын негизги максаты — студенттер менен окуучулардын космос илимине болгон кызыгуусун арттыруу, адамзаттын космосту өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери тууралуу маалымат берүү жана илим-билимге болгон умтулуусун күчөтүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө космонавтиканын тарыхы, алгачкы космонавттар, космостук изилдөөлөр жана аалам сырлары тууралуу кызыктуу баяндамалар жасалып, тематикалык слайддар, суроо-жооптор жана чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү. Студенттер тарабынан даярдалган маалыматтар окуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.
Мындай иш-чаралар жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, мекенчилдикке, билимге жана илимге болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.