2025-жылдын 5-ноябрында ОшМУнун педагогика кафедрасы мектептин чакыруусу
менен методикалык-практикалык иш-чара өткөрүп, анын алкагында семинар
уюштурду.
Кафедра башчысы Г. А. Жутанова “Деңгээлдик окутуу жана креативдүүлүктү
өнүктүрүү”, ал эми окутуучу А. А. Жусупова “Билим берүүдөгү жасалма
интеллектти пайдалануу” темасында баяндама жасашты.
Семинар интерактивдүү өтүп, суроо-жооп, көйгөйлөрдү талкуулоо жана
кайтарым байланыш аркылуу жигердүү иш жүргүзүлдү. Мектеп жамааты
ыраазычылык билдирип, кызматташтык билим сапатын арттырууда маанилүү
экенин белгилешти.