17-майда көп тилдүү билим берүү программасы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

2022-06-23 23:10:00 116

17-майда, Ош МУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы социалдык интеграциялоо борборунун директору М.Ю.Глушкова, көп тилдүү билим берүү программасы боюнча кординатор Э.А.Назаркулова жана көп тилдүү билим берүү программасы боюнча ОшМУнун тренер-окутуучулары А.Маматова, З.Абдышева, Ж.Тойчиевалардын катышуусунда 550700-Педагогика багытына көп тилдүү программасын киргизүү маселеси талкууланды. М.Ю.Глушкова жана Э.А Назаркуловалар тарабынан факультетке көп тилдүү билим берүү программасына байланышкан адабияттар белекке берилип, кызматташуу уланары белгиленди.