18-майда ЮСАИДдин "Окуу керемет!" долбоорунун адистери менен биргеликте тегерек стол болуп өттү. 2-июнь да "Окуу керемет!" долбоорунун адиси Ү.Какееванын тилчи окутуучулары менен жолугушуусу болду.

2022-06-24 01:05:35 180

18-май күнү ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде ЮСАИДдин "Окуу керемет!" долбоорунун тренингдер жана окутуу боюнча директору Н. К Токурова, тренинг боюнча аймактык адис Ү. Какеева жана тренер окутуучу А. Маматовалардын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Анда "Окуу керемет! " долбоору боюнча өтүлүп жаткан модулдук сабактар жана алардын мазмунуна ылайык өзүнчө дисциплина катары окуу планга киргизүүнүн максат-милдеттери факультеттин деканы Ч. Гапарова баштаган структура жетекчилери жана ОМГПИ, ОшКУУдан келген өкүлдөр менен биргеликте талкууланды.