2025-11-07 04:51:20 48
2025-жылдын 5-ноябрында педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери салттуу түшүм майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. Иш-чарада студент кыздар дыйкандар өндүргөн түшүмдөн ар түрдүү даамдарды жасап, кооз дасторкондорду жайышты. Мындан тышкары “Кана эмесе, кыздар!” аттуу сынак да өткөрүлүп, анда кыздардын кийиниши, ашканадагы чеберчилиги, таланты жана акыл-эстүүлүгү сыяктуу сапаттарга баа берилди. Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн айымдарга “Күз ханышасы — 2025” наамы ыйгарылды. Саамалык улуттук баалуулуктарды, аялзатынын көркөмдүгүн жана маданиятын даңазалоо, студенттердин достук мамилесин чыңдоо максатында уюштурулду. Кароо сынак 6 этаптан туруп, кыздар ар бир тапшырма боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Аларды калыс баалап, кара кылды как жарган калыстар тобунда ОшМУнун Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору Урматбек уулу Сыймык, КРдин эмгек сиңирген артисти Роза Шукуралиева жана жана аталган институттун доценти К.Ж. Мадановалар болушту. Бул иш-чараны уюштурган директордун тарбия иштери боюнча орун басары Турдумамат у. Мусага, жаштар комитетинин төрайымы Кулатова Аселге ыраазычылык!