2025-11-07 05:08:06 135
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековнанын жетекчилиги астында, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенттери тазалык ишканасында эмгектенген энелерибиз менен жолугушуп, алардын абалынан кабар алышты. Бул иш-чаранын максаты — коомдун тазалыгы жана тартиби үчүн тынымсыз эмгектенген энелерге көңүл буруу, алардын коомдогу ордун баалоо жана ыраазычылык билдирүү болду. Студенттер энелерге чакан белектерин тапшырып, жылуу сөздөрүн айтып, жакшылык каалоолорун билдиришти. Мындай жолугушуулар жаштардын боорукердик, урмат-сый жана адамдык мамиле сыяктуу маанилүү сапаттарын өрчүтүүгө өбөлгө түзөт.