МНУда өткөн эл аралык конференцияга ОшМУнун окутуучулары катышты

2025-11-12 07:08:40 17

2025-жылдын 11-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Цифралык трансформация жана адам капиталы: перспективалар жана чакырыктар” аттуу VI Токтомаматовдук окуулардын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чарага АКШ, Россия, Япония, Түркия, Германия, Өзбекстан, Тажикстан, Чехия жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 150гө жакын илимпоз жана адистер катышты. Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары — п.и.к., доцент Г. А. Жутанова, С. Ш. Кошонова, Б. М. Алиева, З. Р. Жошбекова жана Н. Султанбекова — илимий докладдары менен активдүү катышып, актуалдуу темалар боюнча өз ойлорун ортого салышты. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Вестниги” журналында жарыяланат.