2025-11-12 08:22:27 17
2025-жылдын 11-ноябрында п.и.д., профессор С. Сакибаеванын чакыруусу менен Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун профессордук-окутуучулук курамы Жалал-Абад мамлекеттик университетине конок лекция менен барышты. Иш-чара ЖАМУнун педагогика багытындагы студенттери үчүн уюштурулуп, билим берүү жана психология тармагындагы заманбап темалар камтылды. Конок лекцияда педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г. А. Жутанова «Деңгээлдик баалоонун негизинде креативдүүлүктү өнүктүрүү» темасында мазмундуу лекция окуп берди. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер менен активдүү кайтарым байланыш орун алып, актуалдуу суроолор кеңири талкууланды. Лекцияга ОшМУнун жалпы психология кафедрасынын башчысы, доцент С. Ш. Кошонова, психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент З. Р. Жошбекова, п.и.к., доцент Б. М. Алиева, окутуучу Н. Султанбекова, ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М. Ж. Найманбаев, п.и.к., доцент К. Мураимов жана кафедранын жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышты. Иш-чаранын соңунда профессор С. С. Сакибаева конокторго ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин атынан терең ыраазычылык билдирип, мазмундуу жана жугумдуу лекциялары үчүн алкыш айтты.