Педагогика, искусство жана журналистика институтунда негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана бекитүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

2025-11-14 10:50:48 46

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана бекитүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. 550700 «Педагогика» багыты боюнча — «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия» адистиктерине карата 550700 «Педагогика» багыты боюнча адистерди даярдоонун ОшМУнун жогорку кесиптик билим берүү стандартынын (10.04.2025) негизинде негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана бекитүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү катышып, НББПнын түзүлүшү, мазмуну жана аны өркүндөтүү багыттары боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле келечектеги бүтүрүүчү адистер ээ болууга тийиш болгон кесиптик компетенциялар, практикалык жөндөмдөр жана талаптар талдоого алынып, бир добуштан жалпы чечим кабыл алынды. Бул жыйындын максаты НББПны заманбап билим берүү талаптарына шайкеш келтирүү жана адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу багытында маанилүү кадам болуп саналат. Бул жыйындын максаты НББПнын заманбап талаптарына шайкеш келтирүү (12 жылдык билим берүү) жана адистерди сапатту даярдоону камсыз кылуу багытында маанилүү кадам болуп саналат.