Кафедранын иш-чаралары

альтернативный текст 2022-жылдын 1-декабрь күнү педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Бадам Сапарова, КЛ(б)-4-20 тайпасы менен Ош шаарындагы номер 12 көмөкчү мектептин окуучуларына жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер эжеке менен биргеликте балдарга кызыктуу оюндарды, конкурстар жана концерттик программа уюштурушту.
альтернативный текст 2021-жылдын сентябрь айында кафедранын п.и.к., доценти Тажикова Бактыгуль Шариповна Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы диссертациялык кеңештин жыйынына оппонент катары катышып келди. Жаштардын илимий потенциалын жогорулатууда ар дайым падагогика кафедрасы менен диссертациялык кеңештин ортосундагы байланышты күчөтүүдө салымыңызды кошуп жүрөсүз, сизге кафедранын атынан терең ыраазычылык!
альтернативный текст 2021-жылдын 20-октябрында педагогика кафедрасынын окутуучусу Сүйүнбаева Мария ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин АРКК-1-20 тайпасынын студенттерине "Просветительская деятельность народных импровизаторов (Т.Сатылганов, Тоголок Молдо)" деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышып, сабагынын анализи кафедранын кеңешмесинде каралуусун билдиришти. Эжекенин педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.
альтернативный текст 2021-жылдын 9-ноябрында №52 "Кыргыз-Түрк достугу" мектеп-лицейинде ЖОЖ менен мектеп биргеликте окуу-тарбия процессин АЭМдин негизинде жакшыртуу максатында Мадаминов Г.М. жана ОшМУнун педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда "Класс жетекчинин ата-энелер менен иштөөдөгү ролу" деген темада семинар болуп өттү. Семинарга шаардык мектептердин организаторлору, класс жетекчилери, ата-энелер жана магистранттар катышып, өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.
альтернативный текст 2021-жылдын 26-ноябрында педагогика кафедрасынын окутуучусу Ж.Маматова Искусство факультетинин 3-курсунун студенттери менен биргеликте "Улуу педагог Б.Апышевдин педагогикалык ишмердүүлүгү" аттуу тарбиялык иш-чара уюштурду. Жалпысынан 21 студент катышып, Б.Апышевдин өмүр баяны, чыгармачылык иштери тууралуу доклад окулуп, концерттик программа менен коштолду.
альтернативный текст 2021-жылдын 3-декабрында педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.Жакупова тарабынан "3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө" карата Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын реабилитациялык борборунда "Поможем друг-другу" аттуу тарбиялык иш-чара уюштурулду. Иш-чараны ОшМУнун педагогика писхология жана дене тарбия факультетинин, искусство факультетинин 3-курсунун студенттери концерттик программа, кызыктуу конкурстар аркылуу өткөрүштү. Борбордун директору З.А.Акматова тарабынан социалдык жактан колдоо көрсөткөндүгү жана эбегейсиз зор салымы үчүн педагогика кафедрасына "ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧА" ыйгарылды.
альтернативный текст 2021-жылдын 7-10-декабрында Ош шаарындагы атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде педагогика кафедрасынын улук окутуучулары: В.Байсубанова жана Ж.Айдарова ДТжМ факультетинин 3-курсунун студенттери менен биргеликте "Биз ар түрдүүбүз, бирок тең укуктуубуз" аттуу тарбиялык-спорттук иш-чара уюштурушту. Иш-чара концерттик программа, конкурстар, суроо-жооптор менен коштолду. Педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.Жутанова, кафедра мүчөлөрү, мектеп администрациясы жана студенттер окуучулар менен биргеликте спорттук оюндарды жекече, жуптарда, топтордо кызыгуу менен ойношту.
альтернативный текст 2021-жылдын 8-декабрында Ош шаарынын атайын көмөкчү мектеп-интернатында педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Б.Сапарова ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин КЛ(б)-3-20 тайпасынын студенттери менен биргеликте кайрымдуулук кечесин уюштурду.
альтернативный текст 2022-жылдын 2-декабрь күнү, саат 10:00 дө, Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна, педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Галина Спатаевна орус филология факультетинин 2-курс жана ПБ-1-20 тайпасынын студенттери менен биргеликте " 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө" арналган иш-чара өткөрүштү.
альтернативный текст 2022-жылдын 2-декабрында ОшМУнун «Билим» лицейинде ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетинин Кл(б) 2-19 группасынын практиканттары Насирдинова Сезим, Расул кызы Айбурул 8-а класстын “Манас урпактары” жана 8-б класстын “Жалын”командаларынын ортосунда “Манас таануу”боюнча сынак формасында тарбиялык иш чара өткөрүштү.Сынактын калыстар тобуна педагогика кафедрасынын башчысы,п.и.к.,доцент Г.А.Жутанова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин билим берүүнүн технологилары кафедрасынан п.и.к., доцент З.С.Раимбердиева,№42-Керме-Тоо гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Замирбек уулу Өмүрбек,”Билим”лицейинин диекторунун тарбиялык иштер боюнча орун басары С.Молдояровдорду чакырышты.Сынактын жүрүшүндө Манастын жети осуяты аркылуу тарбиялык мааниси чон тапшырмалар аткарылды.Жыйынтыгында 8-б класстын “Жалын”командасы женишке жетишишти.Калыстар тобу ушундай мазмундагы кыргыздын руханий дөөлөттөрүн чагылдырган тарбиялык мааниси терен иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушун каалоо менен уюштуруучу практиканттарга жана жалпы “Билим”лицейинин жамаатына терен ыраазычылык билдиришти.
альтернативный текст ОшМУнун педагогика жана пасихология факультетинин педагогика кафедрасынын улук окутуучусу, п.и.к Былыкова Махабат Максатовнанын 2022-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аттестациялык комиссиясынан «Окутуунун интерактивдүү методдорун пайдалануу менен студенттердин таанып-билүү активдүүлүгүн өнөктүрүүнүн педагогикалык шарттары” деген темада 13.00.01-жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаттык окмуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы ийгиликтүү бекиши менен чын дилден куттуктайбыз! Илимий жетекчиси: п.и.д., профессор Бабаев Д.Б. Махабат Максатовнага бекем ден соолук, мындан аркы иштеринде албан-албан ийлиликтерди каалайбыз! Педагогика кафедрасынын жамааты.
альтернативный текст 2022-жылдын 6-декабрь Педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Бадам Сапарова "Жетиген " мектеп-лицейине чыккан практикаттар менен болгон жолугушуусу.
альтернативный текст 2022-жылдын 6-декабрь күнү педагогика кафедрасынын улук окутуучулары Байсубанова Венера Андреевна, Айдарова Жыпара Мусаевна ДТЖМФ 3-курс студеттери менен Ош шаарындагы атайын билим берүүчү жатак мектебинде мастер-класс уюштурушту. Иш-чаранын жүрүшү оюндар, конкурстар, бийлер, приздер менен коштолду, баардык катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
альтернативный текст 2022-жылдын 20-декабрь күнү саат 10:40 дө педагогика кафедрасынын п.и.к., дотценти Колдошев М. Табият таануу жана география факультетинин 3-курс, БК(б)-1-20 тайпасы менен "Соцпедагогдун үй-булө менен болгон ишмердүүлүгүнөн бир көрүнүш" аттуу темада тарбиялык иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин тарабынан чагылдырылган, үй-бүлө менен соцпедагогдун байланышы, балдарды тарбиялоодогу орду көрсөтүлдү.
альтернативный текст 2022-жылдын 20-декабрь күнү саат 10:40 дө педагогика кафедрасынын окутуучусу З.Бубаева кыргыз тил жана журналистика факультетинин 3-курс студеттеринин, КЛ(б)-3-20 тайпасы менен даярдалган тарбиялык саат өткөрдү. Тарбиялык иш-чаранын жүрүшүндө көркөм окуу, сахналык көрүнүш, кахут аркылуу интелектуалдык тест жана мумкунчулугу чектелген адамдар жөнундө кыскача маалымат беришти. Аягында активдуу катышкан студенттерге белектер ыйгарылды.
альтернативный текст 2022-жылдын 5-декабрь күнү педагогика кафедрасынын улук окутуучулары Байсубанова Венера Андреевна, Айдарова Жыпара Мусаевна ДТЖМФ 3-курс студеттери менен Ош шаарындагы #12 көмөкчү мектептин окуучуларына мастер-класс уюштурушту. Иш-чаранын жүрүшүндө сурот тартуу менен, оюндар менен, конкурстар менен, бийлер менен, приздер менен коштолду, баардык катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды. Мектеп жамааты педагогика кафедрасына терең ыраазычылык билдирди.
альтернативный текст 2022-жылдын 14-декабрь күнү педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к., доценти Ж.Г. Атанбековна тарых факультетинде саат 14:00 дө И(б)-1-20 тайпасы менен "Мектеп жана коом" аттуу тарбиялык иш-чара өткөрдү. Иштин журушундо саламдашуу, кыргыз бий, монолог, ыр жана сахналык корунуштор чагылдырылды. Сахналык көрүнүштөр, азыркы учурдагы жаш мугалимдин ишмердүүлүгүндөгу көйгөйлөр көрсөтүлдү.
альтернативный текст 2022-жылдын 20-декабрь күнү саат 16:00 дө педагогика кафедрасынын окутуучусу Суйунбаева М. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курс студенттеринин НРК-1-21 жана КРК-1-21 тайпалары менен Ош шаарындагы "Боорукердик" үй-интернатына, жаңы жылдык жагымдуу маанай тартуулашты.
альтернативный текст 2022-жылдын 20-декабрь күнү саат 18:00 дө ОшМУнун номер - 6 чы жатаканасында 1-курс студенттери менен "Аалам аалымы Ч. Айтматов" аттуу тарбиялык иш-чараны педагогика кафедрасынын улук окутуучусу А.Бегматов өткөрдү. Иштин жүрүшүндө командалардын саламдашуусу, "Айтматов чыгармаларынан бир элес" аттуу сахналык корунуш, ырлар, "Каармандар сүйлөйт" аттуу көркөм окуу, суроолорго команда менен жооп берүү, "Дубал бетиндеги элестер" темадагы Ч.Айтматовдун чыгармаларын көрсөтүштү жана "Биз Чыңгызды даңктайбыз" аттуу музыкалык композиция менен жыйынтыкташты. Жюрилер тобунда ОшМУнун окутуучулары тарабынан бааланып, I, II даражадагы дипломдор ыйгарылды, андан сон ар бир активдүү студенттерге грамоталар, чакан сыйлыктар тапшырылды.
альтернативный текст 2023-жылдын 27-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен (29-декабрь 2022-жыл, протокол №10дц-2/7) педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жутанова Гульмира Атанбековнаны "Педагогика" адистиги боюнча ДОЦЕНТ окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Эжекенин өзүнө ден соолук, үй-бүлөлүк бактылуулук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Мындан да жогорку окумуштуулук наамдарды багындырып жүрө бериңиз!!!
альтернативный текст Республикалык көп тармактуу коомдук ЖЕТИГЕН журналынын 11 жылдык мааракесине карата 8-март Аялдардын эл аралык майрамына педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Сапарова Бадам эжекебиз “Кыргыздын мырзайымы” төш белгиси менен сыйланды. Педагогика кафедрасынын жамааты эжекеге ден-соолук, иштерине ийгилик каалайбыз.
альтернативный текст альтернативный текст Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана психология факультетинин педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к.,доценти Жутанова Гульмира Атанбековна ЖОЖ менен мектептин байланышын күчотүү жана тажрыйба алмашуу максатында сунуштаган "ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат"аталыштагы долбоорунун алкагында педагогика кафедрасы 2023-жылдын 14-март(9:40тан 12:40 ка чейин)кыргыз филология жана журналистика факультетинин төгөрөк залында,15-мартта ТТАТФ факультетинин чон актылык залында(14:00дөн 17:00гө чейин) КРдин эмгек синирген мугалими Гапыр Мадаминов менен биргеликте "Студент жана окуучулардын өз алдынча билим алуу жана иштөөсүн АЭМ негизинде уюштуруу"аталыштагы методикалык-практикалык семинар уюштурулду.Семинарга ОшМУнун сырттан жана дистанттан окуутуу боюнча проректору профессор Т.Т.Жумабаева,ОшМУнун практика бөлүм башчысы доцент А.Батыралиев, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү иниститунун директору доцент , Т.Жороев,Кыргыз филология жана журналистика факультетинин дканы доценТ.Н.Орозович, ТТАТФ факультетинин дканы доцент профессор,Низамиев, доцент, А.Зулушева жана факультеттердин окутуучулары студенттер катышып жогорку денгээлде өттү.
альтернативный текст Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана психология факультетинин педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к.,доцент Жутанова Гульмира Атанбековна ЖОЖ менен мектептин байланышын кучөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында сунуштаган «ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат» аталыштагы долбоорунун алкагында педагогика кафедрасы 2023-жылдын 14- мартында Ош областынын Кара-Суу районунун №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын актылык залында,15-мартта Барпы Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясынын актылык залында(14:00дөн17:00 чейин) КРдин эмгек синирген мугалими Гапыр Мадаминов менен биргеликте "Мектепте билимдин жана тарбиянын сапатын жакшыртуунун жолдору"аталыштагы методикалык-практикалык семинар уюштурду.Семинарга №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын директору, билим берүүнүн мыктысы З.Т.Суюнова, А.Топчубаев,кафедранын координаторлору К.Толоков, Барпы Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясынын математика усулдук бирикмесинин жетекчиси, билим берүүнүн мыктысы Т.Д.Мамажанова жана мектептердин окутуучулары,ата-энелери,практикант-студенттер катышып жогорку денгээлде өттү.
альтернативный текст 2023-жылдын 8-апрель күнү педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков менен педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А.Жутанованын жетекчилиги астында жаш изилдөөчүлөргө жана аспиранттарга арналган илимий-методологиялык семинар уюштурулду. Семинарды ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, ф.м.и.к., доцент Р.Н. Арапбаев сөз сүйлөп, семинарды ачып берди. Семинар 2 бөлүмдөн турду: 1-бөлүм Педагогикалык изилдөөгө киришүү: баштапкы түшүнүктөр жана багыттар. (10:00дан 11:30га чейин) 2-бөлүм Педагогика багытындагы кандидаттык диссертация: структурасы жана аткаруу этаптары (12:30дан 14:00гө чейин). Семинарда маңыздуу баяндама, суроо-жооптор, талкуулар жана каалоолор, ыраазычылыктар айтылды.
альтернативный текст 2023-жылдын 25-апрелинде "Көп баскычтуу билим берүү шартында заманбап мугалимдерди даярдоо маселелери" аттуу илимий конференция болуп өттү. Конференцияда студенттер, магистранттар жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Студенттер жана магистранттар даярдаган илимий докладдарын баяндап, I,II,III даражадагы дипломдор жана ардак громаталар менен сыйланышты.
альтернативный текст альтернативный текст 2023-жылдын 25-март күнү педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Байсубанова Венера Андреевна Экология жана эмгек тарбиясы негизинде "Биз-таза шаар үчүн " деген дивиз менен дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин АРК-2-21 жана АРК-3-21 тайпасынын студенттери менен биргеликте шаарыбыздын Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында 250дөн ашуун дарактарды актап, сырдоого жана тазалоо иштерин жүргүзүштү.
альтернативный текст альтернативный текст альтернативный текст Студенттердин билим,билгичтик,көндүмдөрүн бышыктоо максатында 2023- жылдын 24-май күнү педагогика жана психология факультетинин педагогика кафедрасы тарабынан педагогика дисциплинасы боюнча «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Таймашка тарых жана социалдык иштер факультети “ЧынАйт”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин “Көсөм”,дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Big mind”, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар “Экопедагогтор”, Дене тарбия факультети “Жаш спортчул педагогтор” жана Физика жана техника факультетинен "Эрудит" командалары катышты. “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашынын программасына ылайык командалар алгач өзүн тааныштырып, андан соң тарбиянын теориясы жана окутуунун технологиясы боюнча тесттик суроолорго жооп беришти. Үчүнчү тапшырмада педагогикалык кырдаалдар боюнча инсценировкаларды аткарды. Жыйынтыгында топ башчыларына тез окуу боюнча текст берилип, тест аркылуу өздөрүн текшеришти. Калыстар тобунун төрайымы №2 Карл Маркс атындагы мектеп гимназиясынын директору К.М, Кожоева мүчөлөрү: психология кафедрасынын башчысы С. Кошонова, Кара-Суу районунун С.Алайчы уулу атындагы мектеп директору З.Суюнова, педагогика кафедрасынын улук окутуучулары В. Байсубанова, Г.С. Жакупова жана эсептөө комиссиясында кафедранын окутуучусу М.Сүйүнбаевалар тейлешти.Жыйынтыгынла: 1-орун тарых жана социалдык иштер факультети “ЧынАйт”;2-орун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Big mind”;3-орун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар “Экопедагогтор” жана кыргыз филология жана журналистика факультетинин “Көсөм”командалары ийгиликти багындырышты.Кафедра тарабынан конкурстун катышуучуларына диплом жана ардак грамоталар ыйгарылды.
альтернативный текст альтернативный текст альтернативный текст альтернативный текст 2023-жылдын 29-апрелинде "ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат" автордук долбордун алгакында. ОшМУнун Педегогика жана психология факультетинин Педагогика кафедрасын № 18 А.Новои мектеп-лицейи менен биргеликте, келишимдин алкагында Садыр Жапаров Нургожоевич "Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгы, "Кыргыз Республикасынын 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларынын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын" иш жүзүнө ашыруу максатында педагогика дисиплинасы алкагында "УЛУТТУК МУРАС- ТАРБИЯНЫН КАЗЫНАСЫ" аттуу фестиваль-конкурс формасындагы тарбиялык-лабораториялык сабак уюштурулду. Сабак А.Навои мектебинин жамаатына жана практикант- студенттерге арналып, аны педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Жутанова Г.А өттү. Сабакка Кыргыз филалогия жана журналистика факультетинин 2-курсунун 4 группасы катышты. Калыстар тобунун төрагасы А.Новои мектеп-лицеинин директору Ж.А.Акматов, мүчөлөрү: окуу бөлүмүнүн башчысы А.А.Мамытова, мектеп уюштуруучусу Б.Ж.Калбекова, кыргыз филалогия жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, ф.и.к. Н.А.Мапаева, педагогика кафедрасынын улук окутуучусу п.и.к. Ж.М. Айдарова педагогика жана психология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары С.З.Азимова. Сабакта командалар өздөрүнүн теориялык-практикалдык билим билгичтик көндүмдөрүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобунун төрагасы А.Новои мектеп-лицеинин директору Ж.А.Акматов өткөрүлгөн сабактын ийгиликтерине токтолуп, мектеп жаматынын атынан педагогика кафедрасына жана катышкан студенттерге терең ыразычылыгын билдирип, жыйынтыгын угузду : 1-орун "Тилчилер" 2-орун "Педагог" 3-орун "Агартуу" 3-орун "PedQueen". Кафедра тарабынан конкурстун катышуучуларына диплоп жана ардак громаталар ыйгарылды. Кыргыз филалогия жана журналистика факультети педагогика кафедрасына жана кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Г.А Жутановага, Б.Сапаровага ыразычылык баракчаларды тапшырышты.
альтернативный текст альтернативный текст
“ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат”
ЖОЖ менен мектептин байланышын күчөтүп өркүндөтүү максатында 2023-жылдын 26-май күнү ОшМУнун Педагогика жана психология факультетинин педагогика кафедрасы тарабынан “ЖОЖ менен мектеп- келечекти бирге курат”- аттуу педагогикалык практикалар боюнча жыйынтыктоочу онлайн-офлайн форматта конференция өткөрүлдү. Конференцияга ОшМУнун педагогикалык практика жетекчиси Батыралиев А.Б., Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Мадаминов Г.М., ОшМУнун табият таануу, туризим жана агрардык технологиялар факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Буранов Э.Ш., Ош шаарындагыгы №2 Карл Маркс мектеп-гимназиясынын директору Кожоева К.М., Барпы Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясынын математика усулдук бирикмесинин жетекчиси Мамажанова Т.Д.,№18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинин окуу тарбия боюнча директордун орун басары Мамытова А.А., №14 К.Алтыбаев мектеп-гимназиясынын директору Матанова Д.Б. жана №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы инновациялык мектеп-гимназия комплексинин диеректору Суюнова Зулфия Ташбаевналар сөз сүйлөштү.Ошондой эле педагогикалык практикага чыгып келген 4-курс АКК(б)-4-19 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Мадина, 4-курс АРБ(б)-1-19 тайпасынын студенти Жумаева Мээриниса, 3-курс АРКК(б)-1-20 тайпасынын студенти Мурзаева Перизат, 3-курс АРК(б)-3-20 тайпасынын студенти Жайлообаева Асел, 2-курс Х(б)-1-21 тайпасынын студенти Эржигит кызы Гулдана, 2-курс КЛ(б)-1-21 тайпасынын студенти Канатбекова Сейил презентация жасашты. Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Г.М.Мадаминов ЖОЖ менен мектептин байланышын бекемдеп, өркүндөтүү багытындагы жүргүзүп келе жаткан педагогика кафедрасынын ишмердүүлүгүн, кафедра башчысы Гульмира Жутанованын демилгесин жалпы республиканын ЖОЖдоруна жайылтуу керектигин белдирди.Жыйында катышуучулар ЖОЖ менен мектептин ар тараптуу байланышындагы аткарылган иштер, анын ичинен педагогикалык практика учурундагы эске алынуучу көйгөйлөр,аларды чечүүнүн жолдору тууралуу суроолор талкууланып, бир топ сунуштарды кийинки окуу жылында эске алынуу керектигин белгилешти. Конференция келишимдин алкагында активдүү ишмердүүлүктү жасаган мектеп жетекчилерине,методика кафедраларынын методистерине жана конференцияга активдүү катышкан студенттерге педагогика кафедрасынын ыраазычылык каты жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.
альтернативный текст Педагогика кафедрасынын башчысы , п.и.к., доцент Жутанова Г.А. жетекчилиги астында жана практика боюнча жооптуу Байсубанова В.А. тарабынан 2023-жылдын 3-февраль күнү “Мектеп менен ЖОЖ келечекти бирге курат (педагогикалык практиканын мисалында)” аттуу практикалык-методикалык конференция онлайн, офлайн форматында өткөрүлдү. Конференцияга: п.и.к., д.м.а. Г.Мадаминов, педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.к., доцент А.Батыралиев, өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.к., доцент Т.Матикеев, п.и.к., доцент Б.Тажикова, кафедранын жамааты факультеттердин методистери, кафедра башчылары, келишим түзүлгөн мектептин жетекчилери, класс жетекчилер жана МИТ, Кыргыз филологиясы жана журналистика, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринин практиканттары катышты. Конференцияда: п.и.к., доцент Г.Жутанова тарабынан педагогикалык практиканын баардык түрү боюнча иштелип чыккан ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА менен тааныштырып, окутуунун натыйжалары жана компетенциялар боюнча айтып өттү. Эжекенин ой пикирлерин улай жогорудагы аталган мугалимдер дагы өз ой пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында суроолор берилип, жылуу пикирлерин билдиришти.
“
2022-жылдын  29-ноябрь күнү Педагогика кафедрасынын  ноябрь айындагы отурумунда, кафедранын аспиранттарынын отчётторун угуу жана талкуулоо пландаштырылган. Кафедра башчы п.и.к., доцент Г.А.Жутанова  сөздү кафедранын илимий иштер боюнча жооптуу п.и.к., улук окутуучу  Ж.А.Аайдаровага берди. Ж.М.Айдарова кафедранын аспиранттары менен тааныштырып, кезек менен отчётторун берүүсүн суранды. Аспиранттар илимий темаларынын алкагында отчётторун беришти. Кафедра мүчөлөрү алардын темаларына ылайык суроолорду беришип сунуштарын айтышты.
            </div>
     
            <div class= альтернативный текст

2022 - жылдын 10 - ноябрь күнү ОшМУнун педагогика кафедрасы профессор Бекембай Апыштын 90 - жылдык мааракесине арналган "Бекембай Апыш - чыгаан окмуштуу жана реформатор педагог" аттуу илимий - практикалык конференция кафедра башчысы п.и.к., доцент Г.Жутанованын жетекчилиги астында уюштурулду. Конференцияны ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент Арапбаев Р.Н. ачып берди. Ошону менен бирге конференцияга илимдин докторлору, кандидаттары жана башка педагогдор катышты. Алар: Бабаев Д.Б. -Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар иниститунун педагогикалык чеберчилик факультетинин деканы, Россия федарациясынын педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги, п.и.д., профессор; Алимбеков А.А. - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор; Мадаминов Г.М. - Лейлектеги №3-эксперименталдык гимназиянын директору, КРнын эмгек сиңирген мугалими, п.и.к., доцент; Мурзаев М.С. - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамелекеттик университетинин психология кафедрасынын п.и.к., доцент; Качыкеев Т. - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамелекеттик университетинин Гуманитардык илимдер факультетинин "Психологиянын жалпы жана колдонмо дициплиналар" кафедрасынын п.и.к., доцент; Колдошов М. - Ош мамелекеттик университетинин Педагогика жана психология факультетинин Педагогика кафедрасынын п.и.к., доцент. Батыралиев А. - Ош мамелекеттик университетинин педагогикалык практиканын жетекчиси, Педагогика кафедрасынын п.и.к., доценти (онлайн, офлайн) катышып илимий баяндамаларды жасашты. Мындан тышкары кафедра мүчөлөрү, факультеттердин студенттери, магистранттар, аспиранттар да онлайн,офлайн катышып жылуу ой - пикирлерин айтышты.

альтернативный текст Педагогика кафедрасынын жамааты ЖОЖ менен мектептин байланышын ар тараптан күчөтүү максатында түзүлгөн келишимдин алкагында 11-ноябрь күнү Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы мектпе-гиназиясында мектеп жамааты,ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кафедра башчы,доцент Г..Жутанова, КРнын эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминов учурдагы окуу-методикалык,илимий-практикалык ишмердүүлүктөгү көйгөйлүү маселелерге токтолушуп анын чечүү жолдорун сунушташты. Ошондой эле, окуучунун өз алдынча ишмердүүлүгү андагы ата энелердин орду туралуу маселелерге кенири токтолушуп энелер мектебинин программасынын алкагында ишмердүүлүктү жүргүзүүсүн сунушташты. Мектеп-гимназиянын директору Каныкей Кожоевага биргелешип активдүү иштешкендиги үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
альтернативный текст 2022 - жылдын 26-ноябрь күнү "Студент жана илимий-техникалык пргресс" аттуу IX аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Педагогика кафедрасы ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МЕДЕРНИЗАЦИЯЛОО III СЕКЦИЯсына бөлүнүп анда модератор п.и.к., доцент Жутанова Г.А., катчы, п.и.к., улук окутуучу Айдарова Ж.М. дайындалган. Секцияда жалпы 18 илимий баяндамачы катталган, андан бешөө келбеди, экөө өз калоосу менен кызыгып катышты. Жалпы 15 илимий баяндамачы, студенттерди жетектеп келген жетекчилер жана кафедра мүчөлөрүнөн катышышты. Секциондук конференцида студенттер илимий баяндамачыларды жасап, кызыгуу менен бири - бирине суроолорду беришип, активдүүлүк менен жыйынтыкталды. Акырында чогуу конференцияга катышкан ар бир студенттин жана башынан аягына чейин катышып олтурган илимий жетекчилердин комментарийлерин, ой - пикирлерин угуп, төмөндөгүдөй орундар аныкталды: I ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ МЕНЕН: • Таалайбек кызы Мадина ОшМУ ДТжМФ; •Кушбакова Айназик ОшМУ Тарых факультети. II ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ МЕНЕН: •Гүлжигитова Айтурган ОшМУ ДТжМФ; • Бактыярбек уулу Эржан ОшМУ Тарых факультети. III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ МЕНЕН: • Апышева Зарина ОшМУ Орус филологиясы факультети; • Кубанычбек кызы Угулай ОшКУУ. Жогорудагы диплом менен сыйлаган студенттердин төртөөсүнүн илимий жетекчиси Педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, андыктан илимий жетекчилерине ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдиребиз!
альтернативный текст ОшМУнун аспирантура бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 30-ноябрында “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференциясы уюштурулду. “Педагогикалык билим берүүнү модеринизациялоо” темасындагы X секциясынан төмөнкүлөр алдыңкы орундарга ээ болушту: 1-орунга: Курманбекова Жанара (ОшМУ, Орус фил. фак., жетекчиси: п.и.к., доцент Тажикова Б.Ш.) жана Алибаева Жаркынай (ОшМУ, ППжДТ фак., жетекчиси: п.и.к., доцент Батыралиев А.); 2-орунга: Алимова Айзат (ОшМУ, ДТжМ фак., жетекчиси: улук окутуучу Байсубанова В.А.) жана Абдижалил кызы Айзат (БатМУ); 3-орунга: Байбала кызы Айзирек (ОшКУУ) жана Токторалиева Айзирек (ЖАМУ); “Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери” темасындагы XI секциясынан төмөнкүлөр алдыңкы орундарга ээ болушту: 1-орунга: Исраилбекова Зинат Исраилбековна, магистрант (ОшМУ) жана Базарбекова Айсулуу (ОшМУ, ДТжМ фак., жетекчиси: п.и.к., доцент Жутанова Г.А.); 2-орунга: Исаев Данияр (ОшКУУ) жана Эсенбаева Клара Акылбековна, магистрант (ЖАМУ); 3-орунга: Болотбекова Мээрим (ОшМУ, ДТжМ фак., жетекчиси: окутуучу Сүйүнбаева М.) жана Турсунбаева Маликахон Юнусжоновна (БатМУ). Бул секциялар ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын жетектөөсүндө болуп өттү. Модераторлор: п.и.к., доцент Г.Жутанова жана п.и.к., доцент Т.Акматова. Катчылар, улук окутуучулар: В.Байсубанова жана Ж.Айдарова. Жалпы уюштуруучуларга конференцияга катышкан университеттердин жетекчилиги тарабынан онлайн ыраазычылыктар билдирилди.