КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:
- Факультеттердин НББПна ылайык педагогикалык билим берүү багыты боюнча мугалимдик адистиктеринде кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу;
- Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
-Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу;
-Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
-Педагогикалык багыттагы адистиктердеги студенттерди алган билимдерин практика жүзүндө пайдалана билүүгө калыптандыруу;
-Окутууну практика менен тыгыз байланышта алып бару жана заманбап инновациялыкк технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
-Кафедранын ишин жогорку сапаттык деңгэээлде уюштуруу;
-Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий-усулдук деңгээлде алып баруу;
-Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
-Кафедранын илимий-методикалык иштерин уюштуруу;
-Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу-колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
-Кафедранын багыттары боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
-Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
-Окуп-үйрөнүү, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
-Студенттер үчүн маданий, тарбиялык иш-чараларды жүргүзүү.