О кафедре

Психология кафедрасынын тарыхы

Психология кафедрасы 1987-жылы сентябрь айында Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика жана психология кафедрасынан бөлүнүп чыккан. Алгачкы бөлүнгөн күндө кафедрада псих. илим канд. Д.Лондон, А.Аманов, окутуучулар Д.Жолдошбаев, Т.Качикеев, З.Музипова, Ф.Султанова, О.Ажыматовтар эмгектенишкен. Өз кезегинде педагогика жана психология кафедрасы башчысы, педагогика илиминин кандидаты доцент Б.Апышевдин жардамында, убагында союздук мааниге ээ болгон Петровскийдин стенди СПИ-IМ жана «Темпинг-тест» комплекси Днепропетровскийден алынып келген жана анын жардамында бир топ илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

- 1987-жылдан баштап 1989-жылга чейин кафедра башчысынын милдетин психология илимиминин кандидаты, доцент Д.М.Лондон аткарган. Бул убакта кафедрада окутуу иштерин уюштуруу үчүн, азыркы ОшМУнун №2 окуу корпусунда жайгашкан № 206 аудитория «Психологиялык проблемалык лабораториясы» болуп уюштурулуп, Ош педагогикалык институтунда окуган студенттер үчүн керектүү техникалык аппаратуралар менен жабдылган. Ал лабораторияларда окуу процесси менен бирге бир катар илимий жумуштар да аткарылган.

- 1989-1992-жылдары психология илимдеринин кандидаты, доцент А.Аманов кафедранын башчысы болуп турган. Бул мезгилде кафедранын күчү менен 1990-ж. декабрь айында «Мугалимдик кесиптин актуалдуу проблемалары» деген илимий конференция уюштурулуп, кафедра илимге болгон жөндөмдүлүгүн көрсөтө алган. 1989-жылы окутуучу Д.Жолдошбаев Ташкент шаарындагы Низами атындагы ТГПИнин психология кафедрасына күндүзгү бөлүмгө аспирант болуп өткөн.

- 1992-1996-жылдары кафедранын башчысы болуп психология илиминин кандидаты, доцент Т.Качыкеев жетектеген. Ушул жылдары кафедра бир кыйла кеңейтүүлөргө ээ болгон. Алсак Т.Качыкеевдин ишмердүүлүгүн натыйжасында демөөрчүлөрдун эсибинен бир класс «Корвет» маркасындагы компьютер, бир IBM-286 маркасындагы компьютер алынып келген.

- 1995-ж. психология илиминин кандидаты, доцент О.А. Ажыматов кафедра башчылык коомдук башталышта аткаруу жүктөлгөн.

- 1996-2006 жылдар аралыгында психология илиминин кандидаты, доцент А.Закиров кафедра башчысы болуп эмгектенди. 1998-жылы университеттин кадрларды кайра даярдоо институтунда «психолог» адистигин ачуу үчүн окуу планы түзүлүп, лицензия алынып.

2004-2006 жылдары Ош МУнун Философия жана башкаруунун технологиялары факультетинде «Психология» жана «Педагогикалык психология» кафедралары болуп түзүлгөн.

- 2006-жылы бул кафедралар кайрадан биригип, педагогика жана дене-тарбия факультетинде «Психология» кафедрасы болуп түзүлдү. Психология кафедрасынын кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп педагогика илиминин кандидаты, доцент А.Батыралиевге милдеттендирилди.

- Ал эми 2007-2011-окуу жылдарынан баштап кафедраны педагоика илиминин кандидаты, доцент А.К. Бердиев жетектеди. Бул жылдары илмий изилдөө иштеринде ийгиликтерге жетишкен. Улук окутуучу С.Ш.Кошонова педагогика боюнча, окутуучу А.Борсонов филасофия боюнча кандидатык диссертациясын коргошкон.

- 2011-2013-жылдары психология кафедрасын, психология магистри, доцент Д. А.Жолдошбаев жетектеген. Бул жылдары Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайлар болон системасына өткөндүгүнө байланыштуу, Д.А. Жолдошбаевдин сунушу менен Кыргызстан боюнча психология предметинин сааты 150 сааттан 300 саатка же 10 кридиттик саатка жеткирилген.

-2013-2018-жылдары педагогика илиминин кандидаты доцент А.О. Жолдошева жетектеп турду. Бул жылдары EDNET программасы боюнча беш жылдык мөөнөткө акредитациядан өткөн. Ага окутуучу Т.Н.Умаров педагогика боюнча кандидаттык диссертациясын коргоду.

- 2018-2020-жылдары педагогика илиминин кандидаты доцент Т. Умаров жетектеп турду. Бул жылдары кафедрада илимий жана окуу методикалык ишмердүүлүктөр жогорку көрсөткүчтө өнүгүп, силабусс, жумушчу программалар өзгөртүлүп даярдалды.

2020-жылдан бери кафедраны педагогика илиминин кандидаты доцент С.Ш. Кошонова жетектөөдө. Улук окутуучулар К.А.Эргешова педагогика боюнча кандидаттык диссертациясын коргоду, З.Р.Джоошбекованын педагогика боюнча кандидатык диссертациясы талкуудан өттү.