Илимий изилдөө иштери.

Кафедра нын илимий багыты: “Кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүү”. И лимий иштердин жанданышы 19 8 0-жылдардан өзгөчө өрчүгөн. Окутуучулардын илимий-изилдөө иштеринин темасын негизинен башталгыч класстардын окуу предметтерин окутуудагы жалпы дидактикалык жана тарбиялык мазмундагы материалдар түзөт. Ошентсе да, бул кафедрада түрдүү багыттагы адистер, башкача айтканда, математиктер, биологдор, химиктер, музыканттар, сүрөт мугалимдери эмгектенгендиктен кафедра мүчөлөрү тарабынан төмөнкүдөй илимий иштер боюнча диссертациялар даярдалган жана корголгон: Т.Рахманов “Көкарт дарыясынын алабынын геоморфологиялык түзүлүшү” (1972), А.Х.Худайбердиев «Башталгыч класстарда геометриялык материалдарды окутуу» (1974) (13.00.02), К.Матикеев “Сох дарыясынын алабынын ландшафты жана аны чарбачылыкта пайдалануу” (1971-жылы), Т.Мансурова “Фергана өрөөнүнүн каналдарындагы макрозообенттери” (1982), Т.Аманкулова “Биология и экология пяденицы обдирало орехово-плодовых лесов южного Кыргызстана” (1987) (03.00.09), Г.К.Омуралиева “Түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорундагы зыянкеч курт-кумурскалардын мермитиддери” (1989) (03.00.20), М.Анарбаев “Математиканы окутуудагы экономикалык билимдерди калыптандыруу” (1990), Ж.Саипов «Башталгыч класстарда математиканы окутууда окуучулардын таанып-билүүсүн активдештирүү» (1992), Р.П.Анаркулов «Кенже мектеп окуучуларын эмгекке окутуу процессиндеги практикалык иштердин системалары» (1992) (13.00.02), Т.М.Акматова «Улуттук (кыргыз) айылдык мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларын адептүүлүккө тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү» (1993) (13.00.01), Т.А.Жоробеков “Кенже мектеп окуучуларын көркөмдүүлүккө тарбиялоодогу үй-бүлө жана мектептин биргелешкен иш-аракети” (1993) (13.00.01), К.Исаков «Стереометриянын курсун окутууда окуучулардын таанып - билүү ишмердүүлүктөрүн активдештирүү» (1995) (13.00.02), А.Асанов “Псевдогиперболикалык теңдемелер үчүн тескери маселелер” (1996), М.А.Шайимкулова «Ак-Буура дарыясынын альгофлорасы жана анын суунун сапатын баалоодогу ролу» (2007) (03.00.05), И.К.Жунусов «Педагогикалык ишмердүүлүктө келечектеги музыка мугалимин даярдоо» (2007) (13.00.01), Р.Ж.Турганбаева «Математиканы окутууда окуучулардын экономикалык алгачкы тажрыйбаларын калыптандыруу» (2009) (13.00.02), Ж.Аблабекова «Башталгыч класстардын окуучуларында алгачкы экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун педагогикалык негиздери» (2011) (13.00.01).

Бүгүнкү күндө кафедранын ага окутуучусу А.А.Бообекованын илимий-изденүүчү катары “Получение наночастиц металлов: железо, меди и никеля” деген темасы 2010-жылы И.Арабаев атындагы КГУнун Окумуштуулар кеңешинде бекитилген. Изилдөө иштери аяктап, быйылкы 2022-2023-окуу жылында коргоого даярдалууда. Кафедранын ага окутуучусу Э.Ажиматова 2017-жылы ОшМУнун аспирантуранын күндүзгү бөлүмүнө тапшырып, 2020-жылы ийгиликтүү аяктады жана п.и.д., профессор К.М.Торогельдиеванын жетекчилиги менен “Педагогикалык колледждин студенттерине математика курсун окутууну өркүндөтүүнүн дидактикалык шарттары” - деген теманын үстүндө илимий изилдөө ишин жүргүзүүдө. Кафедранын лаборанты М.Асаналиева 2018-жылы ОшМУнун алдындагы илим жана аспирантура бөлүмүнө бюджеттик негизде аспирант болуп кабыл алынып, учурда п.и.д., профессор С.Сакиеванын жетекчилиги менен “Мектепке чейинки балдарга руханий тарбия берүүдө балдар адабиятынын материалдарын колдонуунун илимий-педагогикалык шарттары”-деген темадагы илимий изилдөө ишинин үстүндө эмгектенип, 2022-жылы май айында М.Асаналиеванын илимий эмгеги алдын ала коргоодон ийгиликтүү өттү жана документтерин Улуттук аттестациялык комиссияга тапшырууга даярдалып жатат. Кафедранын доценти Д.Тагаеванын “Орто мектепте турмуштук меселелерди пайдалануу аркылуу түйүндүү компетентүүлүктөрдү калыптандыруу” деген доктордук диссертациясынын темасы жана илимий консультанты п.и.д., профессор С.Калдыбаев 2020-жылы бекитилип, илимий-изилдөө иштерин аткарууда. Кафедранын доценти К.Мурзабаевдин “Математика предметин табийгый илимдер предметтери менен интеграциялап окутуу” деген доктордук диссертациясынын темасы жана илимий консультанты п.и.д., профессор С.Калдыбаев 2017-жылы бекитилип, илимий-изилдөө иштерин аткарууда.

Кафедраны доценти М.Шайимкулованын “Биологическое разнообразия альгофлоры в разных типах трофических цепей водоемов юга Кыргызстана и их значение” деген доктордук диссертациясынын темасы жана илимий консультанты б.и.д., профессор Х.А.Алимжанова 2019-жылы бекитилип, илимий-изилдөө иштерин аткарууда.

Ошондой эле кафедра аркылуу республикабыздагы башка жогорку окуу жайдын аспиранттары илим изилдөө иштерине тиешелүү эксперименттерди жүргүзүшөт. Мисалы: 1. Казиева Гулзат Качкановна И. Арабаев атындагы Кыргыз мамалекеттик университети “Башталгыч мектептин болочок мугалимдерин математика сабагында геометриялык материалдарын окутууга даярдоонун методикасы” деген теманын үсүтүндө иш алып барды. 2. М.К.Узакова И. Арабаев атындагы Кыргыз мамалекеттик университети 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Мектептин математика курсун актуалдаштыруу” деген илимий теманын үстүндө иш алып барды. 3. Сейталиева Эльмира Сагынбековна “ Математика башталгыч курсунун теориялык негиздерин окутууда студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн илимий педагогикалык өзгөчөлүктөрү” деген илимий ишин алып барды. Булар илимидин кандидаты окумуштуулук даражасын алышты. 4. Токомбаева Жамийла илимий консультанты С.К.Калдыбаев эл аралык Ала-тоо университетинин профессору, п.и.д. “ЖОЖдо болочок башталгыч класс мугалимдерин даярдоодо математикалык компетентүүлүгүн калыптандыруунун илимий- теориялык негиздери” деген темада доктордук диссертациянын үстүндө иш алып барууда.

Каныкей Кожомбердиеванын “Башталгыч класс мугалимдерин кенже мектеп окуучуларды ишмердүүлүк мамиле негизинде окутууга даярдоо” деген илимий ишинин темасы талкуудан өтүп, бекитилди жана изденүүчү илимий ишинин үстүнөн изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Кафедра илимий изилдөө иштерди Бишкектеги И.Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Билим берүү академиясы ж.б. жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен тыгыз алакада жүргүзөт.