Кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду.

2022-06-24 02:01:34 169

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факульетинде 4-курстардын кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду. Конференцияга факультеттин деканы, кафедра башчылары, практика жетекчилери, методисттер, кураторлор катышты. Практиканттар тарабынан баяндамалар жасалып, дискуссия уюштурулду. Суроо-жооптордун жыйынтыгында бир топ алгылыктуу сунуштар айтылды. Дене тарбия багытынын бүтүрүүчү студенттери ОшМУнун ботаникалык багында туризм практикасын өтөп жатыша.