2023-11-30 13:39:57 72

Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана психология факультетин сырттан окуу бөлүмүнүн студенти Надыркул кызы Жамийла "Кыргызстандын мыкты студенти-2023" номинациясын жеңип алды. 2023-жылдын 30-ноябрында факультеттин окумуштуулар кеңешинде декандын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары Т.Тойчуев жалпы жамааттын атынан Надыркул кызы Жамийланы куттуктап, окууларына ийгилик каалады!